Акибаев: "көлдүк мамонт" илимпоздордун ишин илгерилетет

© пресс-служба полномочного представителя Правительства КР в Иссык-Кульской областиЖыргалаң суусунун боюнан табылган мамонттун сөөгү
Жыргалаң суусунун боюнан табылган мамонттун сөөгү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн өкүлү табылганын Тарых жана маданият жылында табылышы өзгөчө мааниге ээ деп эсептейт.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Табылга Ысык-Көл облусунун климаты жана биологиялык ар түрдүүлүгү тууралуу кошумча маалымат алууга шарт түзөт. Бул тууралуу өкмөттүн Аталган облустагы өкүлү Аскат Акибаев Жыргалаң суусунун боюнан табылган мамонттукуна окшош жандыктын баш сөөгү жөнүндө айтып жатып билдирди.

Эскерте кетсек, мындан үч күн мурун жергиликтүү тургундар ири жаныбардын баш сөөгүн таап, ал мамонтко таандык экенин маалымдашкан.

"Баалуу табылгага Тарых жана маданият жылы ээ болуп жатканыбыз да өзүнчө бир символикалуу десек болот. Сөөк Ысык-Көл облусунун климаты жана биологиялык ар түрдүүлүгү тууралуу кошумча маалымат алууга жана тарыхчы, археолог менен палеонтологдордун ишине чоң түрткү болот", — деди Акибаев.

Учурда аталган аймакка изилдөө иштери үчүн Илимдер академиясы менен тийиштүү органдардын кызматкерлеринин келүүсү күтүлүүдө.

Көлдүктөр мамонтко окшош жандыктын сөөгүн кандайча табышканын Sputnik видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0