Мамонттун сөөгү Жыргалаңдын боюнан мындан 38 жыл илгери да табылган

© пресс-служба полномочного представителя Правительства КР в Иссык-Кульской областиАк-Суу районунун аймагынан аймагынан табылган мамонттун сөөгү
Ак-Суу районунун аймагынан аймагынан табылган мамонттун сөөгү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамонттун мүйүзү менен тиши учурда Караколдун аймак таануу музейинде сакталып турат.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Мамонттун мүйүзү менен тиши мындан 38 жыл мурун, 1978-жылы да табылганын Каракол аймак таануу музейинин адиси Бурул Сулайманова билдирди.

Анын айтымында, андагы жандыктын калдыктары Ак-Булуң айылында иштеп жаткан курулушчулар тарабынан табылган. 

"Ал жерден бир эмес, бир нече мамонттун сөөгү бар экени божомолдонгон. Бирок бир мамонтко тиешелүү мүйүз менен тиш табылган. Азыр бул табылгалар биздин музейде сакталууда", — деди Сулайманова.

Эскерте кетсек, мындан үч күн мурун Ак-Суу районунун аймагынан жергиликтүү тургундар мамонтко окшош жандыктын баш сөөгүн таап алышкан. Учурда бул иш өкмөттүн облустагы өкүлүнүн жеке көзөмөлүнө алынып, сөөктү милиция кызматкерлери кайтарууда.

Көлдүктөр мамонтко окшош жандыктын сөөгүн кандайча табышканын Sputnik видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0