Мэр: түштүк магистралды бойлой 12 чакырым веложол курулат

Жазылуу
Ибраимов веложол куруу шаардын планына киргизилгенин, бул демилге күзгө чейин ишке ашарын белгиледи.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкектин жогору жагына веложол салынат. Бул тууралуу шаардын мэри Албек Ибраимов Sputnik Кыргызстан агенттиги менен болгон маекте окурмандардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган жол Түштүк магистралына катар салынат. Атайы спортчулар үчүн Бах көчөсүнөн башталып магистралды бойлой салынган жолдун узундугу 12 чакырымды түзмөкчү. 

Ибраимов веложол куруу шаардын планына киргизилгенин, бул демилге күзгө чейин ишке ашарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0