Тажибаев: "Кумтөрдөн" ажал тапкан жарандын үй-бүлөсүнө төлөнүүчү компенсация кыскарбашы керек

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтор алтын кени. Архив
Кумтор алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эмгек кодексинин 252-беренесине ылайык "Кумтөр" ишканасы маркумдун 20 жылдык маянасын толук төлөп берүүгө тийиш.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. "Кумтөр" ишканасында кокустуктан каза болгон жарандын кырсыкка 20 пайыз күнөөсү бар экенин комиссия тастыктаган. Бирок мыйзам боюнча компенсация төлөмү кыскарбашы керек. Бул тууралуу кырсыкты иликтөөгө алган комиссиянын мүчөсү, Кыргызстандын тоо-металлургиялык профсоюздун борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев билдирди. 

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 25-январында кокустуктан улам бир жаран "Кумтөр" ишканасында каза тапкан. Анын аркасында жубайы менен 10 баласы калган. Буга чейин маркумдун кырсыкка 20 пайыз күнөөсү аныкталгандыктан, социалдык фондго 18ге чейинки балдарына жана жубайына бөлүнүүчү каражаттын суммасы 20 пайызга кыскара тургандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине комиссиянын төрайымы Чынара Татыгулова билдирген. 

"Тилекке каршы айрым компаниялар Эмгек кодексинин 230-беренесине таянып, жабырлануучу тараптын кырсыкка канча пайыз күнөөсү бар экени аныкталса, компенсация төлөмүн ошончо пайызга кыскартып салышат. Чынында бул мыйзам кырсыктан тирүү калган адамдарга гана жайылат. Ал эми каза болгон адамдардын канча пайыз күнөөсү болбосун, каражат кыскартуусуз төлөнүшү керек", — деп билдирет Тажибаев. 

Анын айтуусунда, каза болгон жарандардан компенсация төлөмү кыскарбай тургандыгы боюнча Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитети тарабынан 2010-жылдын 15-мартынан тарта берилген атайын түшүндүрмө кагазы бар. 

"Кумтөр ишканасы маркум Корголдоевдин үй-бүлөсүнө компенсация төлөмүн Кыргызстандын мыйзамдарына таянуу менен төлөп берерине үмүт артабыз", — дейт Тажибаев. 

Анын айтуусунда, Эмгек кодексинин 252-беренесине ылайык "Кумтөр" ишканасы маркумдун 20 жылдык маянасын төлөп берүүгө тийиш. 

Белгилей кетсек, комиссиянын төрайымы Чынара Татыгулова маркумдун үй-бүлөсүнө 20 жылдык маянасынан сырткары, социалдык фондго 18ге чейинки балдарына жана жубайына өзүнчө каражат "Кумтөр" тарабынан которуларын айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0