ИИМ академиясынын курсанттары кылмышкерлерди кармашты

Жазылуу
Жыл башынан бери ИИМ академиясынын студенттери практикадан өтүп, тажрыйбалуу адистердин насааты менен бир топ иштерге катышып келишет.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттары кылмыштуу топту кармоого көмөктөшүп, сыйга татыктуу болушту. Бул тууралуу аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Ушу тапта курсанттар ички иштер бөлүмдөрүндө мамлекеттик практикадан өтүп жатышат. 

"Академиянын курсанттары Исакунов менен Туратов Бишкекте батирлерди тоноп, шылуундук менен алектенген кылмыштуу топту кармаганга жардам берген. Бул жетишкендиги үчүн курсанттар Ленин райондук ичик иштер башкармалыгынын ардак грамотасы менен сыйланышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Курсанттар практикага жыл башында чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0