Кызыл-Кыядагы саркынды суулар коркунуч жаратууда

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүСуу түтүгү. Архив
Суу түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кокус түтүктөр же дагы башка маанилүү жабдыктар иштен чыкса, айлана-чөйрөгө олуттуу зыян алып келерин экологдор баса белгилешет.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын саркынды сууларды тазалоочу ишканасынын абалы начар экенин, аны өз маалында оңдобосо экологиялык чоң жоготуу алып келе турганын адистер белгилөөдө. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык техникалык инспециянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саркынды сууларды тазалай турчу тетиктердин көпчүлүгү эскирип, учурда алардын 50 пайызы гана иштөөдө. Ага карабай сууну тазалоо иштери үзгүлтүккө учурбай аткарылып келет. 

Адистердин бир топ жылдан берки эскертүүлөрүнүн натыйжасында жабдыктар аз да болсо оңдолгон. Бирок, бул аракет жалпы абалды жакшыртууга жетишсиз. 

"Кокус түтүктөр же дагы башка маанилүү жабдыктар иштен чыкса айлана-чөйрөгө олуттуу зыян алып келерин экологдор баса белгилешет. Учурда жаратылыш кырсыктарын алдын алуу максатында ишкана тыкыр көзөмөлдө турат", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган маселелер өз кезегинде чечилбесе, экологиялык чоң жоготууларга учурап калуу мүмкүн экенин Экотехинспекциянын адистери эскертишет.

Акыркы маалыматтарга карганда Кызыл-Кыя шаарында 50 миңден ашуун ашуун адам жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0