Мэрия күндүн ысык-суугуна карабай жылуулукту өчүрө турган болду

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык мэриянын суудагы чагылышы. Архив
Бишкек шаардык мэриянын суудагы чагылышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба ырайы кескин түрдө муздабайт. Жума ичинде жылуулук берүү кезеги менен өчүрүлөт.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Күндүн суукташы мүмкүн деген божомолго карабастан борбордук жылуулук берүү өчүрүлө турганын шаардык мэриянын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Бүгүнтөн тарта жылуулук берүү өчүрүлө баштайт. Тийиштүү буйрукка мэр тарабынан кол коюлду. Ал ортодо Кыргызгидромет жуманын аягында күн суук болуп, жаан карга айланарын билдирди.

"Суук болгон күндө деле жылуулук кайта кошулбайт. Нормага ылайык, эгер сырттагы температура үч күн катары менен сегиз градустан жогору болсо жылуулук өчүрүлөт. Кыргызгидромет күн 1-2 күн гана суук болорун болжолдоодо, ал деле эң төмөнкү көрсөткүчкө чейин түшпөйт", — деп маалымат кызматы кошумчалады.

Жылуулукту өчүрүү кезеги менен жүрүп, 16-17-мартка чейин шаар боюнча толугу менен өчүрүлөт.

Жылуулук берүү сезону былтыр 20-ноябрда башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0