Диплом колго тийгенден кийин бүтүрүүчүлөр кайда кетет?

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүЖумуш издеген кыз. Архив
Жумуш издеген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жогорку окуу жайларын бүткөндөр кандай кызматта иштерин аныкташты.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Улуттук статистика комитети жогорку билимге ээ болгон кыргызстандык жаш адистер кандай жерлерде иштерин аныктап чыкты.

Ведомствонун маалыматында, жогорку дипломго ээ болгон он бүтүрүүчүнүн алтоо акыл эмгегин талап кылган орундарда иштейт. 

Бүтүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыркы окуу жылында 11 бүтүрүүчү "Алтын тамга" аттестатын алган
Жогорку окуу жайын аяктаган жети адистин бири төмөнкү тейлөө тармактарынын биринде: дүкөндөрдө, кафелерде, сулуулук салондорунда иштейт. 

Жогорку билимдүү төрт бүтүрүүчүнүн бири заводдо эмгектенет же фермерчилик кылат, болбосо кара жумушчу. 

Айтмакчы, он жетекчинин сегизинин жогорку окуу жайын бүткөндүгү тууралуу диплому бар. 

Дагы бир маанилүү учур — шаардыктардын 26 пайызы тейлөө тармагында иштейт жана соода кылат. 

Айыл жергесинде жашагандардын 39 пайызы фермелер экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0