Келдибековдун иши боюнча Бекназаров Салянованы чакырууну талап кылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМурунку башкы прокурор Аида Салянова. Архив
Мурунку башкы прокурор Аида Салянова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаардык сотто Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Келдибековдун иши боюнча соттук отурум уланды.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунда мурунку спикер Ахматбек Келдибековдун иши каралып, анда айыпталуучу көргөзмө берди.

Ишти Бишкек шаардык сотун судьялары Бекболот Жаналиев, Кайсын Абакиров жана Ирина Воронцовалар карашууда.

Отурумдун жүрүшүндө Келдибеков мамлекеттик айыптоочунун суроолоруна жооп берип жатып, атайын өкүлчүлүк эмне максатта ачылганын айтып берди.

"Убагында ал өкүлчүлүк мамлекеттик деңгээлдеги жолугушууларды уюштурган. Иштетпей коюшту. Эгерде азыркыга чейин иштеп турганда, өлкөнүн ЕАЭБге кириши менен мигранттарга чоң жардам көрсөтмөк", — деди Келдибеков.

Мамлекеттик айыптоочу Асаналы Иманбеков өкүлчүлүккө бюджеттен көп каражат кеткенин айтып, айдоочулары эле миң доллардан маяна алганын баса белгиледи.

"Биздин дипломатиялык кызматкерлерибиз ар убак көп тыйын алып келген. Алардын маянасы жашаган өлкөгө карап бычылат. Президентибиз 75 миң сом алса, Швейцариядагы элчибиз беш миң доллар алат. Эгерде аларга 60 миң сом берип койсок, үч күндө коротуп, калган убакта ачка калабы?" — деди Келдибеков.

Мындан сырткары, ал кеткен каражаттардын беш миллионго жакыны кызматкерлердин маянасына, 100 миңи социалдык фондго төлөнгөнүн айтып, каражат маселесин каржы министрлиги чечерин кошумчалады.

Ал мурунку отурумда көрсөтмө берген Өмүрбек Текебаевдин айткандары чындыкка жатпай турганын билдирип, башка депутаттарды күбө кылып чакырууну суранды. Эскерте кетсек Текебаев буга чейин сотто көрсөтмө берип, анда Жогорку Кеңештин Россиядагы атайын өкүлчүлүгүн түзүү боюнча маселе каралып жатканда, аталган токтом депутаттарга таркатылып берилген эмес деп айткан.

Судебный зал верховного суда КР. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Президент сотторго квалификациялык класстарды берүү жөнүндө жарлыкка кол койду
Бүгүн Келдибековдун коргоочусу Азимбек Бекназаров бул иш боюнча мурунку башкы прокурор Аида Салянованы чакырууну сунуштады.

Иш толук иликтенбегендиктен кийинки отурум 10-мартка жылдырылды.

Эскерте кетсек, Ахматбек Келдибековго Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуудагы мыйзам бузууларга барган деген айып коюлган. 

Мындан сырткары, Келдибеков коррупция жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып менен 2013-жылы камакка алынган. 

Буга чейин Бишкектин Биринчи Май райондук соту коррупция беренеси боюнча Келдибековду актап, ал эми Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча үч миллион айып пул салган. Ал эми айыптоочу тарап жогорку инстанцияга бул чечимге арыз менен кайрылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0