Окуучулардын жазгы каникулу 6 күнгө созулат

Жазылуу
Мектеп окуучулары кыш мезгилинде бир айга чукул убакыт эс алышкан. Мындан улам жазгы каникулдар кыскарган.

БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. Окуучулар жазында алты күнгө каникулга чыга турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Жазгы эс алуу 17-марттан башталып, 23-мартка чейин созулат.

Министрликтин маалыматы боюнча биринчи класстын окуучулары үчүн кошумча бир жума каралган.

"Ар бир мектеп биринчи класстарды өзүнө ылайыктап каникулга чыгарууда. Айрым мектептер кошумча бир жуманы кышында эле берсе, кээси бере элек", — деп айтылат билдирүүдө.

Жазгы каникул окуучулардын кышкы эс алуусу дээрлик бир айга созулгандыктан кыскарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0