Бишкектин айрым бөлүгүндө эки күнгө газ өчүрүлөт

Жазылуу
Көгүлтүр от эки күн бою Дзержинский, Элебесов, Щербаков көчөлөрү жана Чоң Чүй каналы менен чектешкен бөлүктө жок болот.

БИШКЕК, 9-мар. – Sputnik. Бүгүнтөн баштап 11-мартка чейин Бишкектин айрым аймагында жаратылыш газы өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, көгүлтүр от эки күн бою Дзержинский, Элебесов, Щербаков көчөлөрү жана Чоң Чүй каналы менен чектешкен бөлүктө жок болот. 

Компания газ түтүктөрдөгү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлүп жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0