Эл артисти Сайнабүбү Жунушалиева каза болду

Жазылуу
Ал 50 жылдан ашык Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп, бир нече ролдорду жараткан. Жунушалиева кыргыз телерадиоберүүсүндө биринчи диктор болуп иштеген.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. 80 жашында Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артист Сайнабүбү Жунушалиева (Сайнеке) каза болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жунушалиева 1936-жылы 6-июнда Кемин районунун Жол-Булак айылында төрөлгөн.

"7-мартта 80 жаш курагында Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артист Сайнабүбү Жунушалиева каза болду", — деп айтылат министрликтин тараткан билдирүүсүндө.

Актриса Наталья Крачковская каза болду
Ал 1956-1958-жылдары Ташкенттеги А.Н. Островский атындагы театралдык-көркөм институтунда окуган. Аны аяктагандан кийин кыргыз улуттук драма театрынын труппасына кабыл алынган (Азыркы Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театры). Бул театрда ал 2013-жылга чейин 55 жыл эмгектенген.

Жунушалиева ошондой эле, 1958-1959-жылдары кыргыз телерадиоберүүсүндө алгачкы дикторлук кызматты да аркалаган. 

Аны жерге берүү зыйнаты Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театрда өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0