Президент түзүм жетекчилери менен Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүнү талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев аскер түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Президент Алмазбек Атамбаев аскер түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоо, аларды турак-жай менен камсыз кылууну мындан ары да күчөтүүнүн зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 7-мар. – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев аскер түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн мындан ары өнүктүрүү жаатында көрүлүп жаткан чараларды талкуулады. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

"Кеңешмеде мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүн мындан ары өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, аскердин согушка жөндөмдүүлүгүн арттыруу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Абадан коргонуу жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин Абадан коргонуу күчтөрү: асман мейкининдеги тогуз жыл
Кеңешменин катышуучулары президентке стратегиялык өнөктөштөр менен аскердик-техникалык кызматташуунун өнүгүшү жөнүндө баяндап беришти.

Атамбаев аскер түзүмдөрүнүн жетекчилерине жаңыдан дайындалган КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин биринчи орун басары Кубанычбек Орозматовду, КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын начальнигинин орун басары Нурлан Чомоевди тааныштырды.

Маалымат кызматы президент аскер кызматчыларын социалдык жактан коргоо чараларын, аларды турак-жай менен камсыз кылууну мындан ары да күчөтүүнүн зарылдыгын айткандыгын кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0