Быйыл Бишкекке 1 миллиондон ашык гүл отургузулат

Жазылуу
Борбор шаардын аймагына бир жылдык 30 гүлдүн түрү тигилет.

БИШКЕК, 7-мар. – Sputnik. Бишкекти көрктөндүрүү максатында быйыл 1,2 миллион гүл отургузулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Петунья, георгин, герань, агератум сыяктуу гүлдөр отургузулуп, шаардын көркүн чыгарат. 

Мэриянын маалымат кызматы белгилегендей жалпы 30 гүлдүн түрү тигилет. 

Гүлдөрдүн бардыгы бир жылдык болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0