Бишкек мэриясы эки жылда кичирайондордогу 130 чакырым жолду оңдойт

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынындагы унаалар. Архив
Бишкек шаарынындагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдорду оңдоо долбоору капиталдык курулуш башкармалыгы менен шаардык мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына берилди.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik.Бишкек мэриясы кварталдар аралык жана кичирайондордун 130 чакырым жолун реконструкциялоону пландап жатканын Бишкек башкы архитектурасынын маалымат кызматы билдирди. 

Бишкектеги маршруттук такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр Ибраимов: маршруткалардагы жол кире азырынча кымбаттабайт
Маалыматка ылайык,жолдорду оңдоо долбоору капиталдык курулуш башкармалыгы менен шаардык мэриянын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгына берилди. 

Бейшемби күнү борбор мэри Албек Ибраимовдун жана райондук акимдердин катышуусунда Бишкек башкы архитектурасында жыйын өткөрүлдү. 

Анда адистер 2016-жылга карата жолдорду реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча атайын программаларды сунушташты. 

"Бул жылы реконструкциялоо жана реабилитациялоого жаңы конуштар менен кичирайондордогу 48 көчө берилет. Анын жалпы чакырымы 32,45ти түзмөкчү. Ал эми 2017-жылы 101,295 чакырымды түзгөн 97 жол оңдоого берилет. Жалпы жолдун 61 пайызы асфальтталып, калганына шагыл төшөлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Калаа башчысы долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, колдоо көрсөтүлөрүн айтты. Ал акимдерге ишти көзөмөлдөө үчүн райондук штабдарды түзүү тапшырмасын берди. 

Реконструкция кытай гранты аркылуу каржыланат. 

Мындан сырткары "Киргизия-1" жана "Киргизия-2" жаңы конуштарындагы Орто көчөсүн Гаражная (мурдагы Магистраль көчөсү) көчөсүнө чейин узартуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү тапшырмасы берилди. 

Былтыр Бишкекке жаңы үч көчө түшүрүлгөн. Эми шаардык көчөлөрдүн жалпы чакырымы 1400дү түзөт. Алардын ичинен 723,1 чакырымына асфальт төшөлгөн, калган 652 чакырымына шагыл төгүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0