Сиам эгиздеринин бири Гита Россиянын жарандыгын алды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЗита жана Гита(оңдо) Резахановага сиам эгиздери. Архив
Зита жана Гита(оңдо) Резахановага сиам эгиздери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми Гита Резаханова эч тоскоолдуксуз Россиянын ооруканаларынан дарылана алат.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько жума күнү сиам эгиздеринин бири 24 жаштагы Гита Резахановага жана анын энеси Зумриятка россиялык паспортторду тапшырганын элчиликтин маалымат катчысы Дарья Пахомова билдирди.

Эгиздер: бири-бирибиздин оорубузду сезебиз
Зита жана Гита Резахановалар дүйнөдө бири-биринен ийгиликтүү ажыратылган сиам эгиздери болуп саналат. Бир табарсык жана үч буттуу эгиздерге 2003-жылы Москвадагы Филатов ооруканасынан операция жасалган.

Бирок 2011-жылы Зитанын ден соолугу кескин начарлап, дарылоого карабастан 2015-жылдын октябрь айында Военно-Антоновка айылында ата-энесинин жанынан каза болгон.

Россия жарандыгын берүү боюнча РФ президентинин буйругу Гитанын россиялык ооруканалардан эч тоскоолдуксуз дарыланууга жол ачса, апасына аны ээн-эркин коштоп жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

"Биз бул күндү чыдамсыздык менен күткөнбүз. Тилекке каршы, Зита бул күндү көрбөй калды. Жарандык ага да берилген", — деди Зумрият Резаханова.

Ал Зита каза болгондон кийин анын кыялын орундатуу үчүн Гита Ош шаарындагы мусулман колледжине тапшырганын айтып берди. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык деп белгиленүүдө.

Аял жакын арада алар дарылануу жана протез үчүн Москвага сапар аларын билдирип, Россиянын жарандыгы үй-бүлөнүн жашоо ордун өзгөртүүгө себеп эмес экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0