ИИМ: капотко сүйрөлгөн жол инспектору айдоочуга койгон дооматынан баш тартпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иш боюнча соттун биринчи отурумунда жабырлануучунун жактоочусу айыпталып жаткан Максутовго эч кандай доосу жок экенин билдирген.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Унаанын капотуна сүйрөлгөн жол инспектору айдоочуга болгон дооматынан баш тартпайт деп ИИМнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 28-январда "Айчүрөк" борбордук дүр-дүйнө дүкөнүн жанынан болгон. Youtube сайтына жайгаштырылган видеодо милиция кызматкерин айдоочу BMW үлгүсүндөгү унаанын капотуна жабыштырган боюнча Чүй проспектиси менен айдап кеткен түшүрүлгөн. 

Айдоочу: Инспектор капотко секирип, тапанчасын такагандыктан, коркуп айдап жибердим
Бир күндөн кийин кармалган айдоочу 22 жаштагы Адилет Максутов инспектор тапанчасын алып чыкканда коркуп, унаасын айдап кеткенин айткан. 

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынган.

Ал эми инспектордун Максутовго эч кандай доосу жок экенин сот отурумунда анын адвокаты Марс Турсуналиев билдирген.

ИИМ тергөө иштери аяктап, бардык материал сотко өткөнүн, ишке чекитти сот коё турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0