Малын каттатпагандар жугуштуу оорунун жайылышына себепкер болууда

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүВетеринар. Архив
Ветеринар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтүнүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыповдун Жумгал районунун эли менен жолугушуп, мал чарбачылыгындагы көйгөйлөрдү талкуулады.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Малын толук каттоодон өткөрбөгөн жарандар жугуштуу оорунун жайылышына себепкер болууда. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыповдун Жумгал районунун эли менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Иш-чарада малга пайдаланылуучу дары-дармек аны толук санактан өткөргөн учурда гана берилери белгиленди. Каттоодон өтпөгөн мал вакцинациядан өтпөй, оору-сыркоосунан арылбай калууда.

"Мындай учурда эт, сүт өндүрүү, сатуу жолу кыйындап жалпы облустун өндүрүшүнө залакасы тиет. Кооптуу абалды алдын алуу үчүн тургундар бирин бири көзөмөлдөп жалпы малдын толук вакцинациядан өтүшүн жалпы эл көзөмөлгө алышы керек", — деди облустук ветеринария бөлүмүнүн башчысы Жалил Алымкулов. 

Жолугушууда убагында ветеринарларга дарылоо акысын берилбегендиктен райондо болгону 25 менчик ветеринардык сервис калганы айтылып, былтыр малды комплекстүү тейлөөчү үч ветеринардык клиника ачылганы белгилүү болду.

Иш-чаранын соңунда облус башчысы акимге чукул убакыт ичинде ветклиникаларды куруп, ишке берүү тапшырмасын берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0