Парламент унааларды мажбурлап эвакуациялоону жактырды

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүУнааны эвакуациалоо. Архив
Унааны эвакуациалоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мыйзам долбоору колдоого алынса, Кыргызстанда "Эвакуатор" деген жол белгиси пайда болушу мүмкүн.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңеш унааларды мажбурлап эвакуациялоо боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. 

ИИМдин демилгеси боюнча, "Эвакаутор" белгиси жолдордун татаал бөлүктөрүндө, соода борборлорунун жанында, башкача айтканда, өтүүгө кыйын болгон жерлерге орнотулмакчы.

Аталган белгинин жанына токтотулган унаа эвакуацияланат. Мыйзам долбоору президентке жөнөтүлдү.

Кыргызстандын жаңы жол белгилери тууралуу Sputnik агенттигинин инфографикасынан караңыз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0