Премьер Раппопорт аллеясын сактоого чакырды

© Фото / Александр ФедоровРаппопорт аллеясы. Архив
Раппопорт аллеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин унаа жолун кеңейтүү үчүн аны бойлой тигилген теректер менен кара жыгач кыйыла турганы маалымдалган.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Раппопорт аллеясын сактоо максатында Тамчы — Корумду жолун кеңейтүүнүн башка вариантын табууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин аталган аллеянын бактарын кыюу тууралуу кабар айрым маалымат каражаттарында жарыяланган. Бирок Ысык-Көл районунун акими Имангазиев акыркы чечим кабыл алына электигин, Илимдер академиясынын эксперттери буга өз баасын бериши керектигин белгилеген.

Раппопорт аллеясынын архивдик жана азыркы сүрөттөрү
Маалымат кызматтын билдирүүсү боюнча өкмөт башчы жолду бойлой тигилген бактарды сактоо керектигин бир нече ирет айтып келген.

Эксперттик комиссияга Тамчы — Корумду унаа жолун кеңейтүүнү башка вариантын табуу тапшырылды.

Раппопорт аллеясы — Чолпон-Ата шаарынан Бактуу-Долоноту айылына чейинки трассаны бойлой тигилген бактар. Бул жердин "Ала-Тоо" деген дагы бир аталышы бар.

Аллеянын узундугу беш чакырымды түзөт. Жолду бойлото терек жана кара жыгач бактар 1934-жылы жергиликтүү жылкы заводунун алгачкы директору Леонид Раппопорттун демилгеси менен тигилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0