Баңгизатты көзөмөлдөө кызматы жарандарга спайс тууралуу sms жөнөтүп жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовУюлдук телефондогу спайс баңгизаты тууралуу sms-билдирүү
Уюлдук телефондогу спайс баңгизаты тууралуу sms-билдирүү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизаттын зыяндуулугу тууралуу билдирүү өлкөдөгү уюлдук операторлордун бардык абоненттерине жөнөтүлүүдө.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Өлкө жарандарынын уюлдук телефондоруна спайс баңгизаты тууралуу sms-билдирүүлөр келе баштады.

"Баңгизатты көзөмөлдөө кызматы эскертет! "Спайсты" сактоо жана сатууга мыйзам тыюу салат", —айтылат билдирүүдө.

Спайс сатуу боюнча Кыргызстанда биринчи жолу кылмыш иши козголду
Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат Sputnik Кыргызстан агенттигине мындай демилге калкка маалымат жеткирүү максатын көздөй турганын айтып берди. Акция бир эле жолу жүрөт, бирок мындай билдирүү өлкөдөгү уюлдук операторлордун бардык абоненттерине жөнөтүлөт.

Өткөн жылдын 20-декабрында Кыргызстанда спайска расмий түрдө тыюу салынган. Жалпысынан тизмеге психотроптук деп эсептелген 86 зат кирген.

Тыюу салынгандан бир жума өткөндөн кийин спайс сатуу боюнча кылмыш иши козголуп, ага шектүү катары 28 жаштагы жаран кармалган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0