БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Москванын метросунда аялды өлүмдөн алып калган Марат Исаевди кабыл алганын Ош мэриясы билдирди.
Шейшемби күнү өткөн жолугушууга Исаев апасы Дамира Үмөткулова менен келген. Мэр кыргызстандыктын 11-февраль күнү "Красносельская" метросунда темир жолго жыгылып калган аялды куткарып калган эрдигине ыраазычылык билдирди. Жабырлануучу талмасы кармап метронун жолуна жыгылып калганы айтылган. Исаев полиция кызматкери Артем Королюк экөө өз өмүрлөрүн тобокелге салуу менен аны өлүмдөн алып калышкан.
Мэр Исаевге ыраазычылык кат менен бирге телевизор белек кылды. Мындан тышкары, баатырдын энеси Дамира Үмөткуловага уулунун тарбиясы үчүн алкыш сөздөрүн айтты.
"Ал учурда коопсуздук тууралуу ойлонгон жокмун. Аял өлүп калышы толук ыктымал болчу. Полиция кызматкери экөөбүз жанында болуп калдык. Муну эрдик деп деле атоо кыйын. Биз жөн гана жардамга муктаж аялга көмөк көрсөттүк", — деди Исаев.
Буга чейин Москва шаарынын мэри Сергей Собянин кыргызстандык Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюкту кабыл алып, сыйлык тапшырган.
Муну менен бирге 18-февраль күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде Исаевди сыйлоо салтанаты өткөн. Анда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан кол саат тапшырылып, 100 миң сом берилген. Элчилик да Исаевдин эрдигине баа берип, баалуу белек ыйгарган.