Акчасын төлөбөй кызын кафеге таштап кеткен жигит качканынын себебин айтып берди

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүКафедеги адамдар. Архив
Кафедеги адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кафеде жалгыз калган кыз жигити эсепти төлөбөй качып кеткени боюнча арыз жазган.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бишкектин 24 жаштагы Азамат аттуу тургуну кызды таштап кафенин акчасын төлөбөй качып кетишинин себебин түшүндүрүп бергенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБ билдирди.

Буга чейин милицияга 23 жаштагы кыз арыз менен кайрылып, Азамат аттуу бала кафеге чакыргандан кийин 10 миң сомдук эсепти төлөбөй качып кеткенин айткан.

"Азаматтын билдирүүсүндө ал кызга акчасы жетпей калганын айтпастан, каражат табууга чыккан. Ушул убакыттын аралыгында селки арыз жазууга үлгүргөн", — деп айтылат билдирүүдө.

ШИИБ кафе администрациясы менен кыз өз арызынан баш тартса, иликтөө токтой турганын белгиледи. Азырынча кыз менен жигит 10 миң сомго эмне тамак алышканы белгисиз бойдон калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0