Атамбаев Воркутадагы шахта кырсыгына байланыштуу Путинге көңүл айтты

© Sputnik / Елена Царанова / Медиабанкка өтүүВоркутадагы шахта кырсыгында каза болгондор менен коштошуу аземи
Воркутадагы шахта кырсыгында каза болгондор менен коштошуу аземи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан улам 36 адам ажал тапкан.

БИШКЕК, 29-фев. – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Воркута шаарындагы "Северная" шахтасындагы кырсыкка байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

"Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан кырсыктан мерт кеткендердин жакындарына көңүл айтам", — деп айтылат телеграммада. 

Үстүбүздөгү жылдын 25-февралында Воркута шаарындагы 748 метр тереңдиктеги "Северная" шахтасы урап түшкөн. Андагы 110 адамдын 80ни сыртка алынып чыгарылган. 

Кырсыктын себеби метандын жарылышына байланыштуу болушу ыктымал. Жекшемби күнгө караган түнү үчүнчү жолу жарылуу болгон. Кырсыктан ажал тапкандардын саны 36га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0