Кыргызстан Казакстанга соттолуп кеткен 15 жарандын тагдырын оң өңүттө чечүүнү сунуштайт

Жазылуу
Аталган жарандар мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, аткезчилик менен алектенген деп айтыпталууда.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Кыргыз тарап Казакстанда эки жыл мурун кармалып, соттолуп кеткен 15 кыргызстандык жарандын жазасын жеңилдетүү боюнча өтүнүч келтиргенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Чек ара көзөмөлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиядан Кыргызстанга депортацияланып келген Бангладештин жараны кармалды
Маалыматка ылайык, аталган мекемеде Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Анда 2014-жылдын апрель айында кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, аткезчилик менен алектенген деген айып менен казак соту тарабынан соттолгон кыргызстандык жарандардын тагдыры талкууланды.

Кыргыз тарап аталган жарандардын жазасын жеңилдетүү өтүнүчү келтирилген нота тапшырды.

ТИМ эки тараптуу бекем мамилелерди эске алуу менен кыргызстандык жарандардын апелляция маселесин Казакстандын мыйзамынын чегинде оң өңүттө карап берүүнү өтүнгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0