Сулайман-Тоодогу кафе этияттык менен буздурулду, дагы бир нечеси кезекте турат

© Айша Камилова"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы "Айдар-Ата" кафеси бүгүн буздурулду.
Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы Айдар-Ата кафеси бүгүн буздурулду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Айдар-Ата" кафесин сүрдүрүү чечими 2015-жылдын 8-ноябрында Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган. Ал чечим бул жылдын 25-январында Ош облустук соту тарабынан күчүндө калтырылган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы "Айдар-Ата" кафеси бүгүн буздурулуп, дагы бир нече объектилердин иши сотко жөнөтүлдү. Бул туурасында аталган комплекстин директору Абдраим Тургунбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Сулайман-Тоонун" аймагындагы мыйзамсыз объектилерди аныктоо иштери улантылып, бир нечесинин иши сотко жиберилди. Алардын катарына "Ош ордо" жана газ чарбачылыгы менен алектенген объектилер кирет", — деп билдирет Тургунбаев. 

"Айдар-Ата" кафесин сүрдүрүү чечими 2015-жылдын 8-ноябрында Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган. Ал чечим бул жылдын 25-январында Ош облустук соту тарабынан күчүндө калтырылган.

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын юридика бөлүмүнүн башчысы Канышай Нарынбаеванын айтымында "Айдар-Ата" кафесинин ээсине эскертүү берилген.

© Айша Камилова"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы "Айдар-Ата" кафеси бүгүн буздурулду.
1/3
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы "Айдар-Ата" кафеси бүгүн буздурулду.
© Айша Камилова"Сулайман-Тоонун" аймагындагы мыйзамсыз объектилерди аныктоо иштери улантылып, бир нечесинин иши сотко жиберилди.
2/3
"Сулайман-Тоонун" аймагындагы мыйзамсыз объектилерди аныктоо иштери улантылып, бир нечесинин иши сотко жиберилди.
© Айша КамиловаАлардын катарына "Ош ордо" жана газ чарбачылыгы менен алектенген объектилер кирет.
3/3
Алардын катарына "Ош ордо" жана газ чарбачылыгы менен алектенген объектилер кирет.
1/3
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы "Айдар-Ата" кафеси бүгүн буздурулду.
2/3
"Сулайман-Тоонун" аймагындагы мыйзамсыз объектилерди аныктоо иштери улантылып, бир нечесинин иши сотко жиберилди.
3/3
Алардын катарына "Ош ордо" жана газ чарбачылыгы менен алектенген объектилер кирет.

"Айдар-Атанын ээси Казат Раимкул уулуна кафени өзү буздуруп алуусун айтып, убакыт бергенбиз. Бирок, ал талапты аткарган жок. Буга ылайык, кафени буздурууга муниципалдык башкарма кийлигишүүгө аргасыз болду", — дейт Нарынбаева. 

Анын айтымында, Сулайман-Тоонун аймагындагы "Айдар-Ата" кафесине байланыштуу чуу беш жылга созулуп, акыры быйыл сүздүрүлдү. 2013-жылга чейин кафе Мая Айдарова аттуу жаранга таандык болгон, кийин 2013-жылы ал 150 миң сомго Казат Раимкул уулуна сатылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0