Медакадемия: каза болгон аппарат жетекчисинин денесинен сабалган белгилер табылган

Жазылуу
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы медициналык академиянын билдирүүсүнө түшүндүрмө бере элек. Окуу жайдын кызматкеринин өлүмү боюнча азырынча кылмыш иши козголбой турат.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгон Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аппарат жетекчинин денесинен ур-токмоктун тактары табылган. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат катчысы Абибилла Пазылов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы медакадемиянын аппарат жетекчиси 30 миң сом пара алып кармалгандан кийин каза болгонун билдирген. Ал жүрөгү кармап каза болгон делинүүдө. Окуу жайдан билдиришкендей, кызматкер буга чейин эки жолу инфаркт болгон.

Пазыловдун айтымында, башында кабинетке бир канча киши келип, академиянын кызматкерлерин ал жакка киргизишкен эмес.

"Биздин кызматкерлер кыйкырыктарды укканын айтышууда. Аларды кабинетке киргизишкен эмес. Мугалимдер Гапаровдун жүрөгү ооруй турганын айтышкан. Ал каза болуп калганда эмне кыларын билишпей "Тез жардамга" чалышкан. Ушул убакта биздин кызматкерлер Гапаровдун денесинде көгала тактар пайда болуп, бут кийими айрылганын камерага тартып калышкан", — дейт Пазылов.

Анын айтымында, бөлмөдөгү сынган стулдар, дубалдарда бут кийимдин издери жана чачылган барактар да сүрөткө тартып алынган.

УКМКнын маалымат кызматы экспертизанын корутундусу чыкмайынча бул билдирүү боюнча түшүндүрмө бербей турганын билдирди.

Ошондой эле Башкы прокуратуранын маалымат кызматы да экспертизанын корутундусун күтүп жатканын маалымдады. Бул факты боюнча кылмыш иши козголо элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0