Көчмөндөр оюндарына карата Кырчын жайлоосундагы жолдорду оңдоо иштери башталды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында Көчмөндөр оюнуна даярдык талкууланды.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү Кырчын жайлоосундагы жолдорду оңдоо иштери башталганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү өкмөттүн жыйынында билдирди.

Бүгүн, 24-февраль күнү премьер-министр Темир Сариевдин жетекчилиги алдында өткөн жыйында Көчмөндөр оюндарына даярдык талкууланды. 

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндары тууралуу роликтер чет элдик телеканалдарынан көрсөтүлөт
Жыйын жүрүшүндө өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура, турак-жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын курулушу 15-августка чейин бүткөрүлө турганын айтты. 

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча Балыкчы — Тамчы — Корумду жолунун курулушу жүрүп, Кырчын жайлоосундагы жолдорду оңдоого даярдыктар башталууда. Аталган жолдор үстүбүздөгү жылдын 1-августуна чейин бүткөрүлүшү пландалууда.

Сариев Көчмөндөр оюнун уюштуруу жана өткөрүү боюнча бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү, анын алкагында жашылдандыруу иштерин активдүү жүргүзүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0