Жогорку Кеӊештин төрагасы Мекенди коргоо күнү менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив
Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
-

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Мекенди коргоо күнү менен куттуктаганын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Спикер 23-февраль — тайманбастык, абийирдүүлүк менен Мекенге кызмат өтөөнүн символуна айланганын белгилеп, бейпилдикти даңазалаган майрам экенин кошумчалады. 

"Биз бул күнү кыйла катаал, тагдыр чечер мезгилдерде кан-жанын аябастан эли-жерин коргогон эр-азаматтарыбыздын эрдигин эскерип, өлкө сакчылыгында турушкан күжүрмөн жоокерлерибиз менен офицерлерибизге сый-урмат көрсөтөбүз", — деп айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков учурда аскердик кайра курумдар ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатканын, мекен сакчыларынын социалдык маселелерин чечүү жагы да колго алынганын белгиледи. 

"Кудай буюрса, заманбап куралдуу күчкө ээ, турмуш сынынан тайгылбай өтүп, жоокердик жолдо такшалган армия күтөбүз. Мунун баары республикабыздын коопсуздугун сактоого жана анын жаркын келечегин курууга багытталган ырааттуу саясаттын натыйжасы", — деди төрага.

Спикер сөзүнүн аягында ар бир жарандын жүрөгү Кыргызстан деп согуп, ага болгон сүйүүнүн артыла беришин каалап, биргеликте гүлдөгөн, тынчтыкка бөлөнгөн күчтүү мамлекетти курууга чакырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0