Сарпашев Түштүк Кореяга биометрикалык технологияларды өздөштүрүүгө учуп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери. Архив
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоо кызматынын жетекчиси маалымат технологиялары үчүн инвестиция тартуу максатын көздөөдө.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысы Тайырбек Сарпашев Түштүк Кореяга төрт күндүк иш сапары менен учуп кеткенин аталган мекеме билдирди.

МКК жетекчиси биометрикалык технологияларды пайдалануу жана маалымат технологияларына инвестиция тартуу боюнча бир катар жолугушууларды өткөрөрү айтылууда. 

Иш сапардын алкагында Сарпашев KOICA (Korea International Cooperation Agency), Кореянын эксперт-импорттук банкынын жетекчилери, бир катар расмий өкүлдөр жана IT-технология жаатындагы алдыңкы компания башчылары менен жолугушмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0