Кыргызстандын Башкы штабы Казакстан берген октор жараксыз болсо албайт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүОк-дарылар. Архив
Ок-дарылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Казакстандын коргоо министринин орун басары октордун мөөнөтү аяктап калгандыгын белгилеп, Казакстан окторду жок кылууга каражат коротпой, аларды Кыргызстанга берип салганыбыз оң деп билдирген.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Казакстандан акысыз аскердик жардам катары келген октор кылдат текшерүүдөн өткөндөн кийин гана кабыл алынаарын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Башкы штабдын маалымат бөлүмүнүн башчысы Азамат Дүйшөнбеков билдирди.

Казакстандын коргоо министринин орун басары октордун мөөнөтү аяктап калгандыгын белгилеп, аларды жок кылууга каражат коротпой, Кыргызстанга берип салганыбыз оң, деп айтканын кээ бир маалымат каражаттары маалымдашкан.

Дүйшөнбековдун айтымында, жардамды кабыл алардын алдында, кыргыз аскерлери курал-жарактардын сапатын текшерип чыгышат.

"Баардык көрсөткүчтөргө дал келсе, биздин тарап кабыл алат. Бирок, адистер окторду жараксыз деп тапса, анда албетте Кыргызстан мындай жардамдан баш тартат", — деди Дүйшөнбеков.

Ал ошондой эле курал-жарактарды узак мөөнөткө чейин сактоого болорун жана берилип жаткан октор пайдаланууга жарашы мүмкүндүгүн кошумчалады. 

"Октор бузулуп же жараксыз болуп калды дегенден алысмын. Кошуналарыбыз жарабаган куралдар менен бөлүшпөйт го деп ойлойм", — дейт полковник.

Укук коргоо органдарынын ардагери Дмитрий Федоровдун пикиринде, мөөнөтү бүткөн октор коркунуч туудурат. 

"Жарылбайт, бирок атышуу убагында бирде атып, бирде атпай аскердин өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн", — деди Федоров.

Анын айтымында, куралдын октору өтө сапаттуу жасалып, герметикалык таңгактарда сакталып келет. Окторду туура сактаса алар бузулбайт жана он жылдан кийин деле колдонсо болот. 

Танкчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан аскердик күчү боюнча эл аралык рейтингде 78-орунда турат
Буга чейин Казакстандын сенаты (парламенттин жогорку палатасы) Кыргызстанга аскердик-техникалык жардамды көрсөтүү боюнча эки өлкөнүн коргоо министрлери кол койгон макулдашууну ратификациялаган.

Кыргызстанга казак тараптан кайтарымсыз түрдө беш миллион ок-дары берилет. Анын ичинде 5,45 калибрдүү үч миллион ок, ЛПС 7,62 калибрдүү эки миллион ок жана түтүн гранаталар жана S-75M3 зениттик-ракеталык комплекстер үчүн кошумча бөлүктөр берилет. 

Курал жарактарды Кой-Таш аймагына чейин Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн жүк ташуучу унаалары жеткирмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0