Премьердин Нарын, Ысык-Көл облустарына эки күндүк иш сапары башталды

Жазылуу
Аймакта өкмөт башчы малчылардын жашоо-турмушу менен таанышып, Балыкчыдагы аскердик-ыкчам машыгууларды көрөт.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариевдин Нарын жана Ысык-Көл облустарына эки күндүк иш сапары башталды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызмати билдирди.

Өкмөт башчысы Нарын районунун Кара-Жылга, Тоң районундагы Арчалуу, Кара-Саз кыштоолоруна барып, малчылардын жашоо-турмушу менен таанышып, жолугушуу өткөрөт. Андан сырткары Тоң районундагы балык өстүрүүчү завод жана башка бир катар айыл чарба ишканаларынын иши менен таанышат.

Сапардын экинчи күнү Балыкчы шаарындагы аскердик-ыкчам машыгууларды көрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0