Ош облусунун казысы имамдарды мартта өтүүчү шайлоо иштерине аралашпоого чакырды

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо учурунда добуш берип жаткан адам. Архив
Шайлоо учурунда добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мечиттин имамдары үгүтчүлөрдүн иштерине аралашпастан, элди ынтымак жана биримдикке чакырып, тынчтыктын орбитри болууга милдеттендирилди.

БИШКЕК,19-фев. — Sputnik. Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Алай районунун борбордук мечитинде имамдарды март айында өтүүчү шайлоо иштерине аралашпоого чакырды. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди. 

Эске салсак, Кыргызстандын президентинин жарлыгына ылайык ушул жылдын 27-мартында Ош облусунун Кара-Суу, Алай, Ноокат райондоруна караштуу айылдык кеңештерге жана Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо белгиленген.

Облус казысы жергиликтүү тургундарды алдыдагы шайлоо өнөктүгүндө жаат-жаатка бөлүнбөөгө чакырды. 

"Шайлоонун шайтан оюндарына азгырылбай мусулманчылыктын бийик маданиятын көрсөтөлү", — деп билдирген Самидин кары Атабаев. 

Облус казысы, шайлоо учурунда мечиттин имамдары үгүтчүлөрдүн иштерине аралашпастан, элди ынтымак жана биримдикке чакырып, тынчтыктын орбитри болууга милдеттендиргени маалыматта белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0