КР Саламаттыкты сактоо министри лабораторияларды текшерүү үчүн кан тапшырат

© Фото / пресс-служба Минздрав КРСаламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев. Архив
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талантбек Батыралиев кандын анализин чыгарган лабораториялар ар кыл жыйынтык чыгарып жатат деген эл арасында нааразычылык бар экенин айтат.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев жергиликтүү лабораторияларды текшерүү үчүн кан тапшыраарын аталган министрликтин маалымат кызматынын консультанты Елена Баялинова билдирди. 

Кыргызстанда биринчи жолу балдарга өпкө ооруларына каршы эмдөө жасалат
Анын айтымында министр бош күнүндө кан тапшырып, аны 10 ар башка лабораторияларга жөнөтүүнү көздөп жатат. Буга Кыргызстандын лабораторияларында чыккан анализдер чет өлкөдө тастыкталбай калгандыгы тууралуу нааразычылыктар себеп. Министр бул көрүнүштү өзүнүн канын тапшыруу менен текшерүүнү көздөп жатат.

Жакынкы күндөрү Саламаттыкты сактоо министрлигинде мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк боюнча башкармалык түзүлөт. 

Кыргызстанда 89 аркыл ассоциациялар жана медициналык уюмдар бар. Алар өлкө боюнча медициналык тармакта иш алып барышат. 

"Кээ бир уюмдар атадан балага мурас катары калат. Жеке клиникалар, лабораториялар ишкердик катмарына кирип кетишти. Аларды текшерүү мүмкүн эмес", — дейт Баялинова. 

Саламаттыкты сактоо министрлиги медицина тармагында иштеген ар кыл уюмдар бир эреже менен иштеши керек деген пикирде.

Жаңылыктар түрмөгү
0