Чоробек Сааданбеков: Google Translate адистей кылып которбойт, аны машина которот

© Sputnik / Табылды КадырбековGoogle translate интернет баракчасы. Архив
Google translate интернет баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз тилинин Google Translate тутумуна кириши 700 ыктыярчынын эмгеги менен жүзөөгө ашырылды.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Кыргыз тили Google Translate тутумуна расмий түрдө кирди. Бул ишти жүзөгө ашыруу үчүн эмгектенген ыктыярчылар тобунун жетекчиси Чоробек Сааданбеков кыйынчылыктар туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Иштин башталышы

Кыргыз тил китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жадатма 9 сөз: эме, бар го, ошо-ооо…
2012-жылы башталган демилге Сорос Кыргызстан фонду тарабынан колдоого алынып, башкача технология менен которуу башталган. Кийин бул ыкма туура келбей, 2014-жылдын жай мезгилинде ыктыярчылардын оңой которуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн жаңы технология ишке кирген.

Тилек Мамутовдун демилгеси менен ыктыярчылар тобу түзүлүп, бул иш 700 ыктыярчынын эмгеги менен жүзөөгө ашырылган. 

Которуу ыкмасы

Бир сөздүн которулушун каалоочулар сунушташат. Система эң көп сунуштаган котормо сөздү жооп катары кабыл алат. 

Кыйынчылыктар

Тасмалардын, ырлардын аталыштарын которуу кыйынга турган. Бул учурда аркыл котормочу сайттар жардамга келген. 

Канча сөз которулган?

Алгач 6 миң фраза которуу менен иш башталган. Учурда 1 миллион фраза, 4 миллионго жакын сөз которулду. 

Кимдер колдоно алышат?

Google Translate котормосун баардык каалоочулар колдоно алышат. Бирок бул расмий которуу эмес, жөн гана күнүмдүк жашоодо керектөө үчүн гана. Бул адистин эмес, машинанын котормосу. 

Каржы маселеси

Ыктыярчылар тобу 2014-жылы 200 миң фразаны которууда Мамлекеттик тил комиссиясынан 1 миллион 300 сом алган. Калган 800 миң фразаны ыктыярчылар өз каражаттарына которгон. 

Кийинки кадамдар

Чоробек Сааданбеков кыргыз тили Google Translate тутумуна жыл башында кошулуп калаарын өздөрү күтпөгөнүн айтат. 

"Биздин план боюнча июнь айларында кошулуусу керек эле. Бул Кыргызстандагы ыктыярчылардын чоң ийгилиги ", — дейт ал.

Чыңгыз, сегизөө, бойок, Премьер-министр – ката көрүп жатасызбы?
Сааданбековдун айтымында, учурда котормо боюнча "Кыш-2016" сынагы өтүүдө. Ал сынак 29-февралда жыйынтыкталат. Эреже боюнча көп сөз которгон киши жеңүүчү деп табылып, баалу сыйлыктар тапшырылат. 

Сааданбеков айткандай кыргызча сөздөрдү которуп баштаган Google Translate сервисинде машинанын котормосу экени айрым которууларда даана байкалат. Мындай сөздөрдү социалдык тармактын айрым колдонуучулары да байкап, мындай мисалдарды келтиришти:

 

  • чай-пай — Кофеварка pay
  • акмак аял —идиот
  • мырк — темнота 
  • кыйраттың — разрушены
  • ак төөнүн карды жарылган убак — снег белый верблюд взорвалась Время
  • качан чай ичебиз — никогда пить чай
  • атаңдын көрү — опаньки
  • баракелде — вот это да.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0