Жалал-Абад шаарынын мэри бүгүн элге отчет берет

© Sputnik / Таалай ОроскуловЖалал-абал шаарына бара турган унаа жолу. Архив
Жалал-абал шаарына бара турган унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрдин эл менен жолугушуусу Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында өтөт.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов аткарылган иштер боюнча элге отчет берет. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

"Калаа башчысы 2015-жылда аткарылган иштер боюнча элге маалымат берет. Мындан сырткары 2016-жылга сунуш кылынып жаткан шаар бюджетинин долбоору жана аткарыла турган иштер тууралуу да кеңири кеп козголот", — деп айтылат маалыматта. 

Иш-чара 18-февралда Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында өткөрүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0