Кожо-Келеңдин окуучулары класстын жоктугунан кышында боз үйдө окууга мажбур болушту

© Адина ДосумбетоваОш облусунун Кара-Суу районундагы Кожо-Келең айылынын окуучулары класс жок болгондуктан кышында боз үйдө окушту
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожо-Келең айылынын окуучулары класс жок болгондуктан кышында боз үйдө окушту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы мектептин пайдубалын куруу үчүн эски мектептин жарымын бузууга туура келген. Жаңы мектептин пайдубалын түптөө кыш келгендиктен токтоп турат.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожо-Келең айылынын окуучулары класс жок болгондуктан кышында боз үйдө окууга аргасыз болгонун №4 Султан Ибраимов атындагы орто мектептин директору Нурлан Калыков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Калыковдун айтымында, декабрь айынын башында Ош облустук экологиялык техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы жер титирөөлөрдүн тез-тезден болушун эске алып, эски мектептин имаратында окууга болбойт деген бүтүм чыгарышкан.

© Адина ДосумбетоваОш облусунун Кара-Суу районундагы Кожо-Келең айылынын окуучулары класс жок болгондуктан кышында боз үйдө окууга аргасыз болду.
1/3
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожо-Келең айылынын окуучулары класс жок болгондуктан кышында боз үйдө окууга аргасыз болду.
© Адина ДосумбетоваБоз үйдү от жагып жылытышкан.
2/3
Боз үйдү от жагып жылытышкан.
© Адина ДосумбетоваБоз үйдө эки смен менен жогорку жана башталгыч класстын окуучулары окуду.
Боз үйдө эки смен менен жогорку жана башталгыч класстын окуучулары окуду. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Боз үйдө эки смен менен жогорку жана башталгыч класстын окуучулары окуду.
1/3
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кожо-Келең айылынын окуучулары класс жок болгондуктан кышында боз үйдө окууга аргасыз болду.
2/3
Боз үйдү от жагып жылытышкан.
3/3
Боз үйдө эки смен менен жогорку жана башталгыч класстын окуучулары окуду.

Директор мектептин эки корпусу бар экенин айтып, анын биринчиси 1986-жылы чарбадагы адамдарга үй катары курулуп, кийин гана мектепке айланганын кошумчалады. Ал эми төрт бөлмөлүү жаңы корпусу 2008-жылы салынган.

2015-жылы эски мектептин ордуна баасы 52 миллион сом болгон эки кабаттуу жаңы мектептин пайдубалы казылган. Бирок жерден суу чыгып иш создугуп кеткенин Калыков маалымдады.

"Долбоор боюнча пайдубалдын тереңдиги 2,5 метр казылышы керек болчу. Бирок жерден суу чыккандыктан долбоорду кайтадан карап, аны беш метрге чейин казышты. Жаңы мектепти салуу үчүн узундугу 87 метр болгон эски мектептин 57 метр жерин бузушкан. Кыш келгенде иш токтоп калды", — деди ал.

Баткендин Бужум айылындагы окуучулар 4 чакырым жөө басып билим алышат
Эски мектептин 30 метр узундуктагы жериндеги төрт бөлмөдө окуучулар жаңы жылга чейин окуп келишкен. 25-январдан тарта ал жакта окуучуларды окутууга тыюу салынган.

Мектеп директору айыл өкмөткө, жергиликтүү депутаттарга балдарды окутуу үчүн жай таап берүүнү суранып кайрылган.

Кожо-Келең айылынын башчысы Нурмамат Үсөнов мектептин айланасынан үй таап берүүгө аракеттер көрүлгөнүн айтат. 

"Кыштын күнү баары эле үйүн бергиси келбейт. Андыктан биз айрым жарандардан суранып атып, бир үйдүн бөлмөсүн таап бердик. Андан сырткары боз үй да тиктик", —дейт ал.

Бирок райондук билим берүү бөлүмү айыл өкмөтүнүн мындай чечими балдардын толук билим алуусуна жооп бербей турганын айтып, боз үйдө окуганга болбойт деген чечим чыгарганын мектеп директору Калыков билдирди.

Райондук билим берүү мекемеси мектептин айланасынан дагы бир үйдүн бөлмөсүн ижарага алып бергендиктен боз үй чечилгенин мектеп директору кошумчалады.

"Балдар боз үйдө 15 күндөй окуду. Эртең менен жогорку класстын окуучулары окуса, түштөн кийин башталгыч класстын окуучулары билим алышты", — дейт ал.

Кожо-Келең айылында 280 бала мектепке барат. Ижарага алынган эки үйдүн бөлмөсүндө 11-класстын, 8-класстын, 2-класстын жана 1-класстын окуучулары билим алып жатканын Калыков кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0