Жарандар март айындагы боло турчу шайлоолордун алдында өзүн тизмеден текшере алат

© Sputnik / Табылды Кадырбековөзүн тизмеден текшерип жаткан шайлоочу. Архив
өзүн тизмеден текшерип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде жарандар биометрикалык каттоодон өтүп, өзүн тизмеден таба албаса, spisok@srs.kg дарегине арыз жазса болот.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды шайлоо алдында өзүлөрүн shailoo.srs.kg сайты аркылуу тизмеден текшерип алуусун сунуштайт. 

27-мартта Ош шаарында жана Таластан башка алты облустун райондук, айылдык кеңештерине шайлоо өтөт.

"Жарандар атын, фамилиясын жазса эле сайттан каттоодон өткөн өтпөгөндүгү тууралуу маалымат чыгат. Мындан сырткары кайсы аймактан шайлоого катышарын да тактап алса болот", — деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматынан. 

Эгерде жарандар биометрикалык каттоодон өтүп, өзүн тизмеден таба албаса, spisok@srs.kg дарегине арыз жазса болот. 

Биометрикалык маалыматын тапшырбагандар каалаган аймактан каттоодон өтүүсү зарыл. Ал үчүн ким экенин аныктаган документи – паспорту керек. 

Мындан сырткары, жарандар 119 номерине чалып толук маалымат алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0