Милиция: параны улуттук университеттин проректору банк аркылуу которгон

Жазылуу
Буга чейин милиция университеттин кызматкерлери пара берип жаткан жеринен кармалганын билдирген болчу.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы пара менен кармалган Кыргыз улуттук университеттин проректору менен башкы эсепчиси тууралуу толук маалымат жарыялады.

Буга чейин окуу жайдын кызматкерлери пара берип жатканда кармалганы маалымдалган.

Жайыттагы топоздор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак-Сууда милиционерлер пара берүүгө чамасы келбеген тургундун топозун сойдуртуп кетти
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасына ШИИБден университеттин проректору 100 миң сом өлчөмүндө пара сунуштап жатканы боюнча билдирүү келип түшкөн. Ал параны студенттердин окуу үчүн төлөнгөн каражатты максатсыз пайдаланылганы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнү оң жагына чечип берүү үчүн сунуштаганын милициядан билдиришкен. 

2016-жылы 11-февралда Кылмыш жаза кодексинин 314-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Тергөө учурунда аныкталгандай университеттин проректору 15-февралда окуу жайдын банктык эсебинен башка эсепке пара катары сунушталган 100 миң сомду которгон", — деп айтылат ШИИБ тараткан билдирүүдө.

Кармалган жарандар Ленин райондук прокуратурасына алып келинди. Тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0