Өлкөдө интернетти көзөмөлдөөчү активисттердин тайпалары түзүлмөкчү

© flickr.com / John LodderКлавиатура. Архив
Клавиатура. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактардагы экстремизмге үндөгөн ар кыл чакырыктарды тыюу үчүн ИИМ жаш адистерди тартууну көздөп жатат.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жаш активисттер менен биргеликте интернеттеги экстремисттик ар кыл маанайдагы чакырыктарга тыюу салуу маселесин талкуулады. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

ЦРУ Парижге кол салуу болорун билген, бирок кабар берген эмес
Жаш активисттер менен ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Эмил Жээнбеков жолукту. Ал интернеттеги экстремизмди жайылтып жаткан булактарды табууга студенттердин жардамы олуттуу экендигин белгиледи. Бул боюнча жандуу талкуу жүрдү.

Ал эми активисттер интернетте көзөмөл жүргүзүүчү атайын тайпа түзүүнү сунуштады. Бул кадам терроризмге үндөгөн маалыматтарды таап, алар менен күрөшүүгө чоң жардам болоору айтылды.

Жээнбеков жаштар интернеттеги ар кандай жаман ниеттеги иштерге чакырык жасаган видеолорду, маалыматтарды өчүрүү менен ИИМге чоң жардам көрсөтөөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0