Кыргыз студенти Түштүк уюлдан февралдын соңунда кайтып келет

© пресс-служба АУЦАТалгат Субаналиев Антарктидада.
Талгат Субаналиев Антарктидада. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талгат Субаналиев Антарктидага 5-февралда аттанган.

БИШКЕК, 15-фев. – Sputnik. Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенти (БААУ) Талгат Субаналиевдин Антарктидадан тарткан сүрөттөрү көргөзмөгө коюлат. Бул тууралуу Sputniк Кыргызстан агенттигине окуу жайдын журналистика жана коммуникациялар факультетинин мугалими Динара Орозбаева билдирди.

Опубликовано Talgat Subanaliev 13 февраля 2016 г.

Эске салсак, Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенти интернеттеги социалдык баракчасына Антарктидадан түшкөн сүрөтүн жарыялаган. 

"Талгат Субаналиев журналистика жана коммуникациялар факультетинин студенти. Ал Антарктидага барууга мүмкүнчүлүк берген фото-сынакка катышып жеңүүчү болгон", — деди Орозбаева.

Анын айтымында,сапардын чыгымын толугу менен филантроп Херш Чадха көтөрдү. 

Жеңүүчү болгон Талгат Субаналиев Антарктидага 5-февралда аттанган. Ал Кыргызстанга 28-февраль күнү кайтып келет. Анын түштүк уюлдан тарткан сүрөттөрү атайын көргөзмөгө коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0