Ошто Афганистан талаасында каза болгон жоокерлер эскерилип, Куран окулду

© Sputnik / Айша КамиловаОш шаарында Афганстандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган аза күтүү учурунда
Ош шаарында Афганстандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган аза күтүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандан Афганистанга 7142 жоокер жөнөтүлгөн. 1989-жылдын 15-февралында советтик жоокерлер ал өлкөдөн толугу менен чыгарылып кеткен.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Ош шаарында Афганистандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган аза күтүү болду. 

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Александр Кудряшов, Ооган согушунун катышуучулары, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, шаар тургундары катышты.

© Айша КамиловаОш шаарында Афганистандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган аза күтүү болду
1/5
Ош шаарында Афганистандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган аза күтүү болду
© Айша КамиловаАлгач, эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерди үнсүз эскеришти
2/5
Алгач, эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерди үнсүз эскеришти
© Айша КамиловаАрдагерлерге Ардак Грамота менен 500 сомдук акчалай сыйлыктар жана 1000 сом өлчөмүндөгү стипендиялар тапшырылды
3/5
Ардагерлерге Ардак Грамота менен 500 сомдук акчалай сыйлыктар жана 1000 сом өлчөмүндөгү стипендиялар тапшырылды
© Айша КамиловаБүгүнкү күндө Ош облусунда Афганистан согушунун 1 600, ал эми Ош шаарында 418 ардагери жашайт
4/5
Бүгүнкү күндө Ош облусунда Афганистан согушунун 1 600, ал эми Ош шаарында 418 ардагери жашайт
© Айша КамиловаКыргызстандан Афганистанга 7142 жоокер жөнөтүлгөн
5/5
Кыргызстандан Афганистанга 7142 жоокер жөнөтүлгөн
1/5
Ош шаарында Афганистандан советтик жоокерлердин чыгарылышынын 27 жылдыгына арналган аза күтүү болду
2/5
Алгач, эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерди үнсүз эскеришти
3/5
Ардагерлерге Ардак Грамота менен 500 сомдук акчалай сыйлыктар жана 1000 сом өлчөмүндөгү стипендиялар тапшырылды
4/5
Бүгүнкү күндө Ош облусунда Афганистан согушунун 1 600, ал эми Ош шаарында 418 ардагери жашайт
5/5
Кыргызстандан Афганистанга 7142 жоокер жөнөтүлгөн

Алгач, эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, согушта курман болгон жоокерлерди үнсүз эскеришти.

"Бул алааматтан жүздөгөн кыргыз-афганчылар кайтпай калышты. Алар кезегинде өзүнүн интернационал жоокердик милдетин аткарышты", — деди Аскаров.

Ал ардагерлерге Ардак Грамота менен 500 сомдук акчалай сыйлыктарды жана 1000 сом өлчөмүндөгү стипендияларды тапшырды.

Афганистан согушунун ардагерлеринин төрагасы Беделбай Маматовдун айтымында, бүгүнкү күндө Ош облусунда Афганистан согушунун 1 600, ал эми Ош шаарында 418 ардагери жашайт.

"Бул согушка Ош облусунан 4500 жоокер аттанып, анын ичинен 751 мекендештерибиз кайтпай калган",— деди ардагер.

Оштун жашоочулары Афганистандагы апаатта курман болгондорду эскеришти - Sputnik Кыргызстан
Оштун жашоочулары Афганистандагы апаатта курман болгондорду эскеришти
Иш-чаранын жыйынтыгында жоокерлердин арбактарына Куран түшүрүлдү.

Кыргызстандан Афганистанга 7142 жоокер жөнөтүлгөн. 

1989-жылдын 15-февралында Афганистандан советтик жоокерлер толугу менен чыгарылып кеткен. Ал эми аталган аймактагы согуш советтик жоокерлер киргизилген күндөн — 1979-жылдын 25-декабрында башталган деп эсептелет. Алар аталган аймакта афгандык моджахеддер (душмандар) менен согушкан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0