Беш өрдөк: вице-спикерликти мелжеген Казакбаев, автордук укукту билбеген Самара Каримова

© Sputnik / Жоомарт УраимовГезиттер. Архив
Гезиттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Оштун мэри ордунан оодарылат…

"Майдан.kg" гезити 10-февралда чыккан санында Ош шаарынын мэри кызматтан кетип, анын ордуна эл колдогон киши келет экен деп жазды.

"Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жакын арада Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кызматын тапшырат. Бийлик Ош шаардык кеңешине шайлоолор алдында эл колдогон адамды алып келүү планын ишке ашыра баштады", — деп жазды.

Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси Гүлжамал Жороева шаар мэри Айтматат Кадырбаев учурда инвесторлор менен жолугуп, шаарга салынчу оорукана боюнча жолугушууда экенин айтып, гезитке чыккан маалымат чындыкка дал келбей турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Кызматтан кетет деген маалыматка эч кандай негиз жок. Балким мындай маалымат саясый өнүт берүү үчүн жазылган болушу ыктымал", — дейт ал.

Руслан Казакбаевдин мелжеген орду вице-спикерлик

"Фабула" гезити 12-февралда чыккан санында Жогорку Кеңештеги вице-спикерлик орунга "Республика – Ата-Журт" фракциясы Руслан Казакбаевдин талапкерлигин көрсөтүп жатыптыр деп жазды.

"Угушубузга караганда "Республика – Ата-Журт" вице-спикерликке Руслан Казакбаевдин талапкерлигин сунуштаганы жатыптыр", — деп жазат аталган гезит.

Жогорку Кеңеште "Республика – Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев фракция өз жыйынында вице-спикерликке гендердик саясатты эске алып, аял кишинин талапкерлигин сунушташканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маалымдады.

"Фракциянын өткөн жумадагы жыйыннда гендердик саясатты эске алып бир добуштан Алтынай Өмүрбекованын талапкерлигин колдодук. "Республика – Ата-Журт" фракциясынын чечими ушундай", — деди ал. 

Казакбаев анын талапкерлигин көргүсү келгендерге ыраазычылыгын билдирди.

Самара Каримова ырдын авторлоруна калем акы төлөө дегенди билбейби?

"Ачык саясат" гезити 12-февралда чыккан санында ырчы Самара Каримова сөзү Анатай Өмүркановдун калемине таандык "Мен алыстан сагынганда атамды", "Баргым келет апама" деген ырларын аткарганы үчүн авторго акы төлөбөй келгенин жазды.

Газеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш өрдөк: Нарынга губернатор болчу Дамира Ниязалиева жана кыл учунда турган КСДПчылар
"…Кыргыз патент агенттигинин маалыматы боюнча Өмүркановдун "Мен алыстан сагынганда атамды", "Баргым келет апама" деген ырларын титулдук баракча кылып жүргөн Самара Каримова эч кандай каражат которгон эмес. Мыйзам боюнча билеттер кассага акча түшүп жаткандан кийин сөзү кимге таандык экендиги көрсөтүлүп дискке чыгып жаткандан кийин акынга, обончуга автордук гонорар төлөнүшү керек", — деп жазат аталган басылма.

Гезит ошондой эле, бул ырга обон жазган Эгемберди Талипов ырдын авторуна кайрылып оозеки гана макулдугун алган экен деп белгилейт.

Ырчы Самара Каримова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ырдын сөзүн жазган Анатай Өмүрканов менен дагы, ага обон жазган Эгемберди Талипов менен да жакшы мамиледе экенин айтат.

"Мен таланттуу агайлар менен чыгармачылык абдан жакшы мамиледемин. Балким, мындай маалыматты менин чыгармачылыгым түн уйкусун алгандар атайын жаздырган болушу мүмкүн. Негизинен мен чогуу иштеген адамдар менен жакшы мамиледемин", — дейт ырчы. 

Ал эми ырдын обонун жазган Эгемберди Талипов Анатай Өмүрканов менен туугандай болуп калганын айтып, чыгармачылык жактан тыгыз байланышта экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Сагынганда мен алыстан апамды" деген ырды Анатай Өмүрканов 1980-жылы жазган. Мен ага обонду 2013-жылы жаздым. Албетте, ырга обон жазууда автордун уруксаты алынат. Мен эптемей чыгармаларды жазбайм. Мен Анатай Өмүрканов менен бир туугандай мамиледемин. Дайыма кабар алышып, катышып турабыз", — дейт ал.

Талипов жакында акындын сөзүнө жазылган жаңы ырдын бет ачары болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0