Кара-Кулжа: өз күчү менен топурак сапырылган тоону бакчага айланткысы келген багбан

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүҮрөндү отургузууга даярдап жаткан багбан. Архив
Үрөндү отургузууга даярдап жаткан багбан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашим Чатаевдин баштаган бул ишин айылдыктар түрдүү кабыл алышат. Айрымдары тосулган жерге малын киргизбегенге аракет кылса, кээси тосмону бузуп малын киргизип жиберет.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылынын тургуну Ашим Чатаев 110 гектар жерди ижарага алып жаңгак, кайналы, бадамдын уруктарын эки жылдан бери сээп келе жатканын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине өзү билдирди. 

Ал 56 жашта. Жети баласы бар. Айыл-чарба институтунан инженер-механик адистиги боюнча билим алган.

Вот — оказывается есть и у нас свои герои: на свои средства сажают семена ореха, миндаля и фисташки в горах Кара-Кульжин…

Опубликовано Saparbek Alymkulov 4 февраля 2016 г.

Чатаев айылда бир убактарда токой болгонун айтат. Бирок, СССР тарагандан кийин эл бактарды кыйып кеткен.

"Мен ижарага алган азыркы жерлердин көбүндө долоно, алча, катын жаңгак, караган, акчечек дегендер өсчү эле. СССР тарагандан кийин эл алардын барын кыйып кеткен. Ал жакта жалаң эле дүмүрлөрү калган", — дейт ал.

Район аймагында мал көбөйгөндүктөн жана бак-дарактарды отунга кесип кеткендиктен жер көчкүлөрү пайда болуп, жер эрозияга учуруп жатканын ал кошумчалады. Андыктан Чатаев жер кыртышты жана кесилип кеткен бактарды калыбына келтирүү үчүн алардын ордуна жаңгак, кайналы, бадамды өстүрүү аракетин көрүп жатат.

Кымбат көчөт… 

Ашим Чатаев көчөттөрдү алып тигүү кымбат экенин айтат. Бир түп көчөттүн эң арзаны 80 сом. Ошондуктан данектерди себүү бир кыйла арзан. Аталган аймакка 1986-жылы атасы жаңгак тиккенин айткан Чатаев, алар 7-8 жылдан бери мөмө берип жатканын кошумчалады. Бул ишти колго алууга ошол атасынын жасаган иштери да дем бергенин жашырган жок.

"Атамдын жасап кеткен иштерин көрүп, өстүрсө болот экен деген пикирге келдик. Ошентип атамдын баштап кеткен ишин улантып жатам. Азыр 85 гектар жерге чуңкурчаларды казып данектерди таштадык. Арасынан өсүп чыкканы болду. Бирок мал кайта тебелеп коюп жатат", — дейт ал.

Чатаев былтыр 25 гектар жердин айланасын өз күчү менен тоскон. Бирок, айыл тургундары ар кандай кабыл алып, кээси тосмону бузуп, малын болбой эле киргизип жиберип жатканын өкүнүү менен билдирди.

Ар ишти илимге таянып жасоо керек

Кыргызстандын эң жашыл аймактарынын рейтинги
2013-жылы айыл аймагындагы жерди ижарага алууга чейин ал жерге кайсы өсүмдүктөрдү тигүү керектигин адистерден сурап, кеңеш алган. Алгач Жалал-Абаддагы жаңгакчылык институтуна барып, илимпоз, агрономдор менен сүйлөшкөн. 

Чатаев өсүмдүктөрдүн өзгөчөлүгүнө жараша алардын уруктарын кайсы жерге тигерин мындайча айтып берди.

"Күнгөй бетке – ысыкка чыдамдуу бадамды тигебиз. Ным сактала турган жерге кайналы менен жаңгактын уруктарын тигебиз", — дейт ал.

Агроном Бүажар Раимкулова данектен өнүп чыккан өсүмдүктөр ошол аймакка тез адаптация болуп, чыдамдуу келерин айтат.

"Ашим Чатаев бизге кайрылып кеп-кеңештерди алып турат. Көчөттөр кымбат болгондуктан бул киши данектерди атайын чуңкур казып ошого таштайт. Данектен өсүп чыккан өсүмдүк чыдамдуу келет. Ошондой эле, терең тамырлайт. Бул болсо, жер кыртышынын бекем болушун шарттайт", — дейт ал.

Бадам менен кайналы жакшы караса 3-4 жылда мөмө берет. Ал эми жаңгак 17-18 жылдан кийин мөмө берип баштайт. 

24 үй-бүлөнүн башын бириктирген иш

Чатаев 110 гектар жерди калыбына келтирип, ал жакта кайтадан жаңгак, бадам жана кайналы болушун каалайт. Бул иш бир кишинин колунан келбей турганын айтып, андыктан 24 үй-бүлөнүн башын бириктирген жамааттык топ түзүшкөн. Алар өз күчтөрү менен данектерди жазында жердин нымы тарай электе жерге себишет.

"Жылыга апрель айында кар кетери менен эки жылдан бери данектерди себебиз. Быйыл мал тебелеп кеткен 35 гектарга кайтадан себүүгө туура келет. Уруктары даяр. Кайналыныкын Аксыдан, бадамдын данегин Жалал-Абаддын курортунан алып келебиз, жаңгакты болсо сатып алабыз", — дейт ал.

Быйыл данектер себилген жерлерди тамчылатып сугаруу боюнча аракеттерди көрүп жатканын Чатаев кошумчалады. Бүгүнкү күнгө чейин өз каражаттарынан 1 миллион 200 миң сомдой каражат жумшаган. Алар жаз келгенден күзгө чейин отургузган данектерди мал тебелебесин деп коруй тургандыктарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0