Ажыга барчу зыяратчылар үчүн дары-дармек алып келүүчү тарап аныкталат

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHАжыдагы мусулмандар. Архив
Ажыдагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын жыйынтыгы 24-февраль күнү муфтияттын жыйындар залында чыгат. Учурда тараптардан арыздары кабыл алынууда.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын ажыга бара турган зыяратчылар үчүн эмдөө дарыларын республикага алып келүүчү жак 24-февралында аныктала турганын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, дарылар менингит жана мезгилдик сасык тумоого каршы алып келинет. 

Учурда дары-дармек алып келүүчү жактардын ортосунда сынак жарыяланып, арыздар 22-февралга чейин кабыл алынары айтылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0