Концерттен түшкөн каражатка ак кан оруусуна чалдыккан балдарга дары-дармектер алынды

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүБалдар ооруканасы. Архив
Балдар ооруканасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш чара Бүткүл дүйнөлүк балдардын ак кан оруусуна каршы күрөшүү күнүнө карата 15-февралда уюштурулат.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк балдардын ак кан оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата келерки дүйшөмбүдө кайрымдуулук иш чара өтөөрүн "Help the Children-SKD" кайрымдуулук фондунун президенти Елена Конева билдирди.

Иш чара энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборунда саат 11:00дө өтөт. Программанын алкагында 270 миң сомдук кымбат баалуу дары-дармектер тапшырылат.

"Мунун баары Манас Акматбековдун демилгеси менен уюштурулган кайрымдуулук концертинен түшкөн каражатка алынды", — деди Конева.

Мындан сырткары энелерди жана балдарды коргоо улуттук борборуна өлкөдөгү мейманкалардын биринин жетекчиси керебеттин жанындагы монитор белек кылат.

Иш чарага саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, фонддун өнөктөштөрү жана борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаев катышаары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0