Фучик сейил багындагы дарактарды кыйдырып жаткан жаран изделип жатат

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүСпиливание дерева. Архивное фото
Спиливание дерева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ушуга окшош окуя катталганда сейил бактагы аянтча менчик экенине карабастан сотко берилген. Анда жерге ээлик кылган жарандын кызыл китепчесин жокко чыгаруу соттон суралган.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкектеги Фучик сейил багынын батыш тарабындагы дарактарды кыйдырып жаткан жаран изделип жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын адиси Рамис Бокоев билдирди. 

Буга чейин социалдык тармактарда бактардын кыйылган сүрөттөрү жарыяланган. Анда дарактар түнү менен кыйылып таң агарганча билгисиз адамдар тарабынан ташылып кетип жатканы айтылат. 

"Фучик сейил багындагы дарактар 5-7-февралда кыйылганы белгилүү болду. Андагы аянт менчикке берилип кеткенине карабастан, акт түздүк. Бирок, ээси ким экени белгисиз болуп жатат", — деп билдирет Бокоев. 

Фучик атындагы паркты өнүктүрүүгө чехиялыктар жардам берет
Инспекциянын адиси берилген жер колдон колго сатыла берип, анын учурдагы ээсин аныктоо кыйынчылык жаратып жатканын айтты. 

Белгилей кетсек, буга чейин ушуга окшош окуя катталганда сейил бактагы аянтча менчик экенине карабастан сотко берилген. Анда жерге ээлик кылган жарандын кызыл китепчесин жокко чыгаруу суралган. Аталган иш былтыр сотко берилип, учурда каралып жатканын Бокоев кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0