Келдибековдун соту 18-февралда уланат

© Фото / пресс-служба ЖК КРАхматбек Келдибеков
Ахматбек Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Бишкек шаардык сотто Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум болуп, күбөлөр сурак беришти.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык сотунда мурунку спикер Ахматбек Келдибековдун соту өтүп, анда күбөлөр сурак бергенин анын адвокаты Азимбек Бекназаров Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Жогорку сот депутаттардын мандаты боюнча эки башка чыгарган чечимине түшүндүрмө берди
Анын айтымында, кийинки соттук отурум 18-февралда уланат. 

Эскерте кетсек, Ахматбек Келдибековго Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуудагы мыйзам бузууларга байланыштуу айып коюлган. 

Мындан сырткары, Келдибеков коррупция жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып менен 2013-жылы камакка алынган. Коррупция беренеси боюнча сот Келдибековду актап, ал эми Москвадагы өкүлчүлүктү ачуу боюнча үч миллион айып пул салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0