Футбол боюнча улуттук курамдын автобусун жасалгалоо үчүн сынак жарыяланды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүАвтобус. Архив
Автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каалоочулар өз эмгектерин 15-февралга чейин өлкөнүн Футбол федерациясынын сайтына жөнөтө алышат.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Футбол боюнча улуттук курамдын автобусунун сыртын кооздоо үчүн өзгөчө дизайн эмгектерге сынак жарыяланганын Футбол федерациясынын маалымат кызматы кабарлады.

Сынакка каалоочулардын баары катыша алат. Ал үчүн press@ffkr.kg дарегине өз иштерин жөнөтсө болот.

"Катышуучулар долбоорлорун 15-февралга чейин жибере алышат. Жеңүүчүлөр тандалганда өзүбүз кабарлашабыз", — деди федерациянын маалымат кызматы.

Сынактан жеңген эмгек менен курама команданын автобусу жасалгаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0