Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматкерлери жөнөкөй жашоого ыңгайлаштырган окуудан өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтобустагы аскер кызматкери. Архив
Автобустагы аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу кызмат өтөөсүнүн мөөнөтү аяктаган аскер кызматкерлеринин кадыресе жөнөкөй жашоо-турмушка ыңгайлаштырууга багытталган. Ал үчүн "Компьютердик дизайн", "Англис тили", "Бухгалтерия" жана "Маалыматтык технология" боюнча курстар иштелип чыккан.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандык Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы, Чек ара кызматы, Жаза аткаруу мамлекеттик комитети, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Улуттук гвардиянын аскер кызматкерлерин кадимки жашоого ыңгайлаштыруу боюнча окуулар өтө турганын Башкы штаб билдирди.

Чек арачылар менен психологдор иштей баштады
Маалыматка ылайык, Түндүк Атлантика альянсынын (НАТО) өкүлдөрү өткөрө турган окуу Куралдуу күчтөрүнөн акыркы беш жылды кеткен жана жакынкы эки жыл ичинде кызматтан кете турган аскер кызматкерлерине арналмакчы.

Иш-чарада "Компьютердик дизайн", "Англис тили", "Бухгалтерия" жана "Маалыматтык технология" боюнча курстар каралып, окуу Бишкек жана Ош шаарларында өтөт.

НАТОнун бул программасы Кыргызстанда 2010-жылдан бери ишке ашырылып келет. Курстардын бардык катышуучуларына окуунун аякташы менен сертификат тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0